Кыргызстандын Башкы прокуратурасы чет өлкөлөрдө соттолгон мекендештерин мекенге кайтаруу тартибин өзгөртүү боюнча жаңы мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарганын билдирди.

Сунушталган документке ылайык, Жогорку сот чет мамлекет тарабынан белгиленген жаза мөөнөтүн, эгер ал Кыргызстандын мыйзамдарында каралган максималдуу мөөнөттөн ашып кетсе да, сактап калууга укуктуу болот.

Учурдагы тартипте соттолгон адамды кайтарууда жаза мөөнөтү Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык аныкталат. Эгерде чет мамлекеттин соту тарабынан берилген мөөнөт Кыргызстандын мыйзамдарында каралган максималдуу чектен ашса, ал кыскартылат. Бирок, берилген жаза Кыргызстандын мыйзамдарындагы минималдуу чектен төмөн болгон учурларды мыйзам жөнгө салбайт.

Жаңы норма адамды кайтаруу үчүн башка мамлекеттин шарттары катары жаза мөөнөтүн сактап калуу талап кылынган учурларда иштей баштайт.

Эгерде бул мыйзам кабыл алынса, ал расмий жарыяланган күнүмөн тартып 10 күндөн кийин күчүнө кирет.