4-ноябрда Араван районунун борбордук көчөлөрүндө жол кырсыктарын азайтуу максатында үгүт иш-чарасы уюштурулду. Ага Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери катышты.

Иш-чарага ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын штаб жетекчиси Бахром Саидходжаев катышып, акыркы 9 айда Кыргызстанда жол-транспорт кырсыктарынын саны азайганын маалымдады.

Биринчи жолугушууну биз Ош облусунун Араван районунан баштадык. Мындай үгүт жүрүшү бүткүл өлкө боюнча өтүүдө. Ош облусунан кийин иш-чаралар Жалал-Абад облусунда, Манас шаарында жана Талас облусунда уланат. Акыркы 9 айда Кыргызстанда жол кырсыктарынын саны 40%га кыскарды.
Бахром Саидходжаев, ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын штаб жетекчиси