Улуттук статистика комитети тарабынан берилген маалыматка ылайык, 2025-жылы өлкөдө жалпысынан 927 миң нуска басылып чыкты. Басылган китептердин түрлөрү боюнча көрсөткүч төмөндөгүдөй:

Басылмалардын көрсөткүчтөрү

1350китеп аталыштары
927 миңжалпы нуска саны
70%кыргыз тилиндеги китептер

Ведомствонын билдирүүсүнө караганда, чыгарылган басылмалардын болжол менен 70 пайызы кыргыз тилинде чыгарылган. Бул көрсөткүч китеп басуу тармагындагы кыргыз тилинин үлүшүнүн жогорулугун көрсөтөт.

Өлкөдө кандай адабияттар көп басылып жатканы боюнча парламентте талкуулар болгон. Депутат Салтанат Аманованын айтымында, Кыргызстанда чыгарылып жаткан китептердин 60 пайызынан 70 пайызына чейин диний адабияттарды түзөт.

Учурда Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги 2030-жылга чейинки китеп басууну өнүктүрүү программасын иштеп чыгууда.