Жаңы окуу жылынын алдында «Кабар» агенттиги Бишкектеги канцелярдык товарлардын жана мектеп формасынын актуалдуу бааларын чогултуп, сатуучулардан жана ата-энелерден 1-сентябрга баланы даярдоо канчага турарын сурап билди. Толугураак маалыматтар агенттиктин материалында келтирилген.
Канцелярия буюмдарынын баалары
Окуу жылы башталганга чейин ата-энелер биринчи кезекте дептер, калем, карандаш жана башка мектептик буюмдарды сатып алышат. Товарлардын баасы түрүнө, сапатына жана өндүрүүчүсүнө жараша олуттуу айырмаланат.
Канцелярия буюмдары
«Джунхай» базарында канцелярдык товарлар дүкөнүн жаңы ачкан ишкер Айзат Калил кызы, буга чейин башка чоң дүкөндө иштеген. Ал «Кабар» агенттигине берген маегинде, бул сезондо мектептик буюмдардын баасы өзгөрбөгөнүн айтты.





