Өлкөдө мектептерде тамак даярдоочулардын чеберчилигин аныктоо боюнча атайын мелдешип өттү. Финалдык этапта сегиз мыкты адистер чектелген убакыттын жана бюджеттин алкагында балдар үчүн пайдалуу тамактарды даярдоо мүмкүнчүлүгүн көрсөтүштү.
Мелдеште Чүй облусунан келген Динара Надирбекова мыкты натыйжа көрсөтүп, 2026-жылдын мыкты мектеп тамагын даярдоочусу болуп табылды.
Окуучунун тамактануусу14 сом40 сом +186%
Азыркы тапта мамлекет бир окуучунун тамактануусуна 14 сом бөлүп берүүдө. Бирок, 2027-жылдын 1-январынан тартып бул сумманы 40 сомго чейин көтөрүү пландалып жатат.
Ошондой эле мектептердеги тамак даярдоочулардын орточо айлык акысы да өсүп, болжол менен 30 миң сомду түзө баштады.






