Азербайжан президенти Ильхам Алиев Кыргызстан жана Азербайжан ортосундагы мамилелердин союздук деңгээлге көтөрүлгөнүн жарыялады.
Бул маанилүү чечим эки өлкөнүн башчыларынын Чолпон-Атадагы жолугушуусунда кабыл алынды. Президент Алиев жолугушуу жыйынтыгында билдиргендей, бул эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да тереңдетүүгө мүмкүндүк берет.


