Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров өзгөчө кеңейтилип чакырылган жыйында Азербайжан президенти Ильхам Алиевдин мамлекеттик визити алкагында Кыргызстан менен Азербайжандын ортосунда чечилбеген маселелердин жок экенин билдирди.

Ал кошумчалагандай, эки өлкө ортосундагы кызматташуу чоң потенциалга ээ жана транспорт, энергетика, инвестиция жана коопсуздук сыяктуу бир катар багыттарда өнүгүүгө мүмкүнчүлүк бар.

Президент Садыр Жапаров бүгүн эки өлкөнүн ортосунда союздук байланыштарды түзүүгө багытталган келишимге кол коюла турганын билдирди.