Жаңы чектөөлөр

Казакстандын Өнөр жай жана курулуш министрлиги жеке пайдалануу үчүн алынып келинген автоунааларга карата жаңы эрежелерди бекитти. Эми 30-декабрдан тарта беш жылдан ашкан унааларды жана экологиялык классы Евро-5тен төмөн болгон унааларды алып кирүүгө болбойт.

Бул чара мамлекет тарабынан жергиликтүү автоунаа өндүрүшүн колдоо максатында киргизилүүдө. Акыркы жылдары Казакстанда автоунаа чыгаруу темпи кыйла өстү.

Казакстанда автоунаа өндүрүү

136,5 миңдаана унаа чогултулду (январь–сентябрь 2026)
38%өткөн жылга салыштырмалуу өсүш

Министрлик белгилегендей, мындай чаралар ички рынокту коргоого жана заманбап, экологиялык таза унааларды колдонууга өбөлгө түзөт.