Кыргызстандын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги чет өлкөлүк компаниялардын курулуш-монтаждоо тармагындагы лицензияларын таануу тизмесин кеңейтти. Бул чечим Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ишке ашырууга багытталган.

Тиешелүү №136-нпа буйругу 2026-жылдын 27-октябрындага кол коюлган. Буйругу боюнча, республиканын аймагында курулуш иштерин жүргүзүү үчүн беш кытайлык ишкананын лицензиялары бир тараптуу тартипте таанылат.

Лицензия алган компаниялар

  • «Китайская железнодорожная корпорация №2» ЖЧКсы
  • Пекиндин «Теянь» курулушту көзөмөлдөө компаниясы
  • «Проектная корпорация КЖД» ЖЧКсы
  • Кытайдын темир жолдорду куруу боюнча электр техникалык инвестициялык-курулуш компаниясы
  • «Китайская Железнодорожная Туннельная Группа» ЖЧКсы

Документте бул беш компаниянын бардык ишмердүүлүгү курулуш-монтаждоо иштери менен байланыштуу экени белгиленген. Бул лицензиялар Кыргызстанда расмий түрдө күчүнө кирет.