Чингиз Айдарбеков Айбек Тенизбайдын подкастында парламенттин иши, учурдагы шайлоо системасы жана шайлоолорго акчанын таасири боюнча өз пикирин бөлүштү. Мурдагы министр депутаттар өз милдеттерин толук аткара албай жатканын белгиледи.
Эгерде система аралаш болсо, бул жакшы. Бирок 100 пайыз депутат бир мандаттуу округдерден келсе — бул туура эмес
Айдарбековдун пикири боюнча, Жогорку Кенештин үч негизги функциясы — мыйзам чыгаруу, өкүлчүлүк жана контролдоо болуп саналат. Бирок, ал үчүнчү функция, тактап айтканда, аткаруу бийлигинин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү жетиштүү деңгээлде колдонулбай жатат деп айтты.
Эмне үчүн депутаттар өз ыйгарым укуктарын толук пайдаланбайт? Көйгөй эмнеде?
Мурдагы парламенттин мүчөсү депутаттар комиссияларды түзүүгө, суроо-талаптарды жөнөтүүгө, мыйзамдардын аткарылышын текшерүүгө жана мамлекеттик органдардан маселелерди чечүүнү талап кылууга укуктуу экенин эскертти. Бирок иш жүзүндө бул мүмкүнчүлүктөр толук ишке ашырылбай жатат.
Ошондой эле экс-министр шайлоо системасына токтолуп, парламенттин бир гана бир мандаттуу округдер боюнча шайланган депутаттардан куралышы туура эмес экенин белгиледи. Мындай тартип депутаттарды жалпы мамлекеттик маселелерден көрө, өз округүнүн кызыкчылыктарына багыттуу кылып коюшу мүмкүн.










