Кыргызстандын калкынын саны менен салыштырганда санариптик активдердин колдонулуш деңгээли жогору экенин Chainalysis Global Crypto Adoption Index 2025 рейтинги тастыктады. Бул индекс ар кайсы өлкөлөрдөгү криптовалюталарды кабыл алуу деңгээлин колдонуучулардын активдүүлүгү жана калктын санына карап баалайт.

Рейтингдин маалыматтары 18–19-ноябрь күндөрү Бишкек шаарында өткөн Asia Innovation Forum 2026 эл аралык технологиялык форумунун алкагында берилди. Индекс санариптик активдердин жалпы операциялардын көлөмүн гана эмес, калктын масштабын да эске алуу менен салыштырууга мүмкүнчүлүк берет.

Кыргызстандын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттигинин өкүлү форумда рыноктун өсүшү тууралуу маалымат берди.

2,2 трлнсом
19дүйнөлүк орун
151өлкө

Агенттиктин билдирүүсүнө ылайык, 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында жөнгө салынуучу виртуалдык активдер рыногундагы операциялардын көлөмү 2,2 триллион сомдон ашты.