2025-жылы Кыргызстанда виртуалдык активдер боюнча кызмат көрсөтүүчүлөр аркылуу жасалган финансылык операциялардын жалпы суммасы 2,73 триллион сомго жетти. Бул тууралуу Экономика министрлигинин алдындагы каржы базарын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы кабарлайт.
Операциялардын 94%дан ашыгы криптовалюта соодасына эмес, санариптик активдерди кадимки акчага айландырууга жана тескерисинче которууга багытталган. Бул крипторыноктун негизинен төлөм жана эсептешүүчү инфраструктура катары колдонулуп жатканын көрсөтөт.
Акыркы үч жыл ичинде бул тармактагы лицензияланган операторлордун саны 6 компаниядан 82 компанияга чейин өстү, башкача айтканда 13 эсе көбөйдү.
Ошондой эле, стейблкоиндерге кызыгуу өсүүдө. Binance Research изилдөөсүнө ылайык, колдонуучулардын 30% дан ашыгы криптопортфелинин жарымынан көбүн стейблкоиндерде сакташат. 2020-жылы мындай колдонуучулардын саны болгону 4% турган.
Тилекке каршы, стейблкоиндердин кызыгуусу болгону долларга эмес, улуттук валюталарга да байланып өнүгө баштады. 2025-жылдан бери KGST жана башка стейблкоиндердин жыш соодасы 5 миллиард доллардан ашты.
Негизги көрсөткүчтөр







