Стамбул шаарында өткөн «Halal Expo – 2026» көргөзмөсүнүн жана 12-дүйнөлүк халал-саммиттин алкагында кызматташтыкка макулдашуулар түзүлдү. Бул кадам кыргыз продукцияларын Персид залигинин өлкөлөрүнүн премиум рынокторуна чыгарууну жана тармакты санариптештирүүнү көздөйт.

Экономика жана коммерция министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, меморандумдар Ислам өлкөлөрүнүн стандартташтыруу жана метрология институту (SMIIC) жана Саудия Арабынын Мамлекеттик инвестициялык фондунун (PIF) курамына кирген Elm компаниясы менен түзүлгөн.

Ошондой эле Түркиянын стандартташтыруу жана халал-аккредитациялоо органдарынын жетекчилери менен жолугушуулар болуп, алар адистерди даярдоо жана эл аралык кызматташтык маселелерин талкуулашты.

Көргөзмө катышуучулары

225компания жана уюм
25өлкө