Кыргызстан жерди сарамжалдуу пайдалануу, шаарларды компакттык түрдө өнүктүрүү, сууну үнөмдөө жана тоолуу аймактарды өздөштүрүү боюнча эл аралык тажрыйбаларды адаптациялоону пландап жатат. Бул Кыргыз Республикасынын 2050-жылга чейинки жерди сарамжалдуу пайдалануу жана мейкиндикти өнүктүрүү концепциясында камтылган.

Кытайдын тажрыйбасы: жерди коргоо

Документте Кытайдын мисалы келтирилген. Ал жакта айыл чарба жерлерин сактап калуу улуттук коопсуздуктун бир бөлүгү катары каралат. Кытайда айдоо жерлерин коргоо, баш аламан курулуштарды чектөө жана жерди узак мөөнөттүү пландоо механизмдери колдонулат. Ошондой эле, Кыргызстандын тоолуу рельефин эске алуу менен, Кытайдагы террасалуу айыл чарбасын өнүктүрүү жана беткейлерди өздөштүрүү тажрыйбасы пайдалуу болушу мүмкүн.

Жапония жана Сингапур: шаар куруу жана коопсуздук

Жапониянын тажрыйбасы компакттык шаар куруу жана жер титирөөгө туруктуу курулуш тармагында колдонулат. Кыргызстандын көпчүлүк аймактары 8–9 жана андан жогорку баллдык сейсмикалык активдүүлүк зонасында жайгашканын эске алуу менен, курулуштун сапатын көзөмөлдөө жана заманбап технологияларды колдонуу маанилүү деп белгиленген.

Мындан тышкары, Сингапурдын көп кабаттуу имараттарды куруу жана шаарларды бийик багытта өнүктүрүү модели да каралууда.