Япония Кыргызстанга борбор шаардын үч өлчөмдүү топографиялык картасын түзүү жана анын моделин жаңылап туруу системасын иштеп чыгуу үчүн акысыз грант берет. Гранттык макулдаманын долбозун 16-ноябрда Жогорку Кенештин агрардык саясат боюнча комитети жактырды.
Япония Бишкектин 3D-картасын түзүү үчүн Кыргызстанга грант берет
Япония Бишкек шаарынын жогорку тактыктагы үч өлчөмдүү топографиялык картасын жана анын моделин башкаруу системасын түзүү үчүн 650 миллион япон иени өлчөмүндөгү грант бөлүп берет. Бул долбоор шаардык пландоо жана инфраструктураны башкарууну жакшыртуу максатында ишке ашырылат.
