Кыргызстандан Өзбекстанга 2026-жылдын январь айынан апрелине чейин 168 тонна таза бал экспорттолду. Бул көрсөткүч боюнча Кыргызстан жеткирген бал көлөмү боюнча 9 өлкөнүн ичинен экинчи орунда турат.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, ушул мөөнөттө Өзбекстанга жалпы 642,2 тонна бал импорттолуп, анын жалпы суммасы 584,4 миң АКШ долларын түздү. Импорт көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 422,4 тонна же 2,9 эсеге өскөн.



















