Эрлист Акунбековдун айтымында, ата мекендик балык тоютунун баасы килограммына болжол менен 200 сомду түзөт, ал эми импорттук тоют 240 сом турат, башкача айтканда, 20% арзан.
Ошондой эле ал балык чарбасы жылына 15–20 миң тонна балык өндүрүп, анын наркы 8,5 миллиард сомго жетээрин кошумчалады.
Акунбеков балык тоютун импорттоого тыюу салуу чечими тастыкталганын билдирди. 7-октябрда Россия "дос эмес" европалык өлкөлөрдүн ветеринардык көзөмөлгө алынган продукциясынын транзитин толугу менен жапкан. Түштүк маршрут аркылуу жеткирүүдө тоюттун өздүк наркы 300 сомдон ашат.
Биз Европадан компоненттерди алып келип, капка салып, муну кыргызстандык өндүрүш деп атайбыз. Ал эми даяр тоют алып келгиси келгендерге тыюу салабыз. Бул тоюттун импорттук кошулмаларында сиз тыюу салууга негиз кылган чочконун ДНКсы бар заттар жок деп ким кепилдик бере алат?
Депутат Кубанычбек Самаков 4-5 ата мекендик тоют өндүрүүчүлөрдү колдоо тандалма мүнөзгө ээ эмеспи деп сурады. Анын айтымында, тоюттун негизги компоненттери дагы эле чет өлкөдөн ташылып келет.
Акунбеков тоюттун болжол менен 75% чет өлкөдөн алынып келинген балык унунан турарын ырастады.
Негизги көрсөткүчтөр










