Кызыл-Кыя шаары үчүн ичүүчү суу менен камсыздоо жана канализация долбоорлоруна каржылоо издөө пландалып жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 12-октябрда шаардын жана Кадамжай районунун тургундары менен өткөн жолугушууда айтты.
Мамлекет башчысы шаардын көйгөйлүү маселелеринин катарында суу менен камсыздоо жана канализация турушканын белгиледи. Анын айтымында, зарыл документтер даярдалгандан кийин долбоорлорду ишке ашыруу үчүн каржылоо издөө кийинки этап болот.
Суу менен камсыздоо жана канализация маселелери шаардын көйгөйлөрүнүн катарында калууда.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров жумушчу сапары менен Баткен жана Ош облустарын кыдырып жатат.














