Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө ылайык, Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңештин төртүнчү жыйылында стратегиялык документтерди өзгөртүү маселеси талкууланды. Стратегия кабыл алынган учурдагы укуктук жана институционалдык негиздер азыркы талаптардан айырмаланып калгандыктан, аны жаңы Суу кодексине ылайыкташтыруу зарылчылыгы келип чыккан.
Өзгөртүүлөрдүн негизги максаты — суу ресурстарын башкаруунун бирдиктүү, жоопкерчиликтүү жана натыйжалуу системасын түзүү болуп саналат. Ошондой эле, өлкөдөгү суунун жалпы көлөмүн, анын канча бөлүгү колдонулуп, канчасы жоголуп жатканын, ошондой эле суунун сапаты менен көлөмүнүн өзгөрүшүн так билүү үчүн мониторингди өркүндөтүү маселеси каралды.
Жыйынды Министрлер Кабинетинин башчысы — Президенттин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев алып барды. Ал суу чарбасына мамлекеттик инвестициялар бир топ өскөнүн белгилеп, иштин натыйжалуулугун жаңы сугарыла турган жерлердин аянты, суунун жоголушун азайтуу, айыл чарба өндүрүшүнүн өсүшү жана дехкандардын кирешеси менен өлчөө керектигин айтты.


















