12-июлда Корея Республикасынын парламентинин өкүлдөрүнүн делегациясы Бишкек шаарында жайгашкан Жогорку Кенештин имаратында болду.
Жогорку Кенештин басма сөз кызматынан берилген маалыматка караганда, бул иш сапардын негизги максаты эки өлкөнүн парламентаризм тармагындагы кызматташтыгын бекемдөө жана тажрыйба алмашуу болду.










