Өзбекстандын Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстандын инвестициясы менен Өзбекстанда саламаттыкты сактоо жана социалдык кызмат көрсөтүү тармагында төрт ишкана иштеп жатат.

Жалпысынан Өзбекстанда чет өлкөлүк инвестициялар менен 234 медициналык ишкана иштейт. Кыргызстан 4 ишкана менен Жапония менен бирге 10-11-орунду бөлүшөт.

Бул тармакта эң көп ишкананы Түркия ачкан — 36. Андан кийин Орусия 34, Кытай жана Индия 25тен, Түштүк Корея 18, Казакстан 16, Азербайжан 9, АКШ 8, Бириккен Араб Эмираттары 6 ишкана менен алдыда келе жатат. Калган 49 ишкана башка өлкөлөргө таандык.