Кыргызстандагы чет өлкөлүк инвестициялар акыркы жылдары өлкө экономикасын өнүктүрүүдө маанилүү роль ойной баштады. Бул инвестициялар жаңы ишканаларды ачууга, заманбап технологияларды киргизүүгө жана өндүрүштү кеңейтүүгө жол берүүдө.

Аймактарда, айрыкча Баткен облусунда, мурда колдонулбай турган жерлер өндүрүштүк аянттарга айланып, элдин экономикалык активдүүлүгү жогорулап жатат. Чет өлкөлүк инвесторлор каражаты менен түзүлгөн ишканалар жумуш орундарын түзүп, региондордун өнүгүүсүнө салым кошууда.

Баткен облусундагы инвестициялык салымдар

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча, учурда аталган региондо 10дон ашуун чет элдик инвестиция катышуусундагы ишкана үзүрлүү иштөөдө жана дагы 5 инвестициялык долбоорлор кароо алдында.

Чет өлкөлүк компаниялардын салымы салык түсүмдөрүн көбөйтүп, эконмикалык өсүштү колдоодо гана калбастан, социалдык багыттагы долбоорлордун ишке ашуусуна да шарт түзүүдө. Мисалы, Баткен облусунда мектептердин курулушу алардын демилгеси менен жүзөгө ашырылууда.