Европа Союзунун сатып алуучулары менен контракт түзүү үчүн кыргызстандык экспортерлорго компаниянын корпоративдик сайты жана продукция тууралуу маалымат камтылган профил керек. Ошондой эле Европа Союзунун экологиялык жана социалдык талаптарына шайкеш келүү маанилүү экенин «Кыргыз Экспорт» борборунун директору Урмат Такиров айтты.
Анын түшүндүрмөсү боюнча, компаниянын сайтынын жана продукциясын сүрөттөгөн профилдин болушу маркетингдик талаптардын бир бөлүгү болуп саналат. Мындан тышкары, Европа Союзу сапатты башкаруу боюнча да талаптарды коюшат: ишканада сапаттын жана коопсуздуктун саясаты болушу шарт.
Такировдун айтымында, тигүүчүлүк тармагындагы экспорторлордун көбү мурда продукциясын Россияга жөнөтүшкөн. Ал жерде талаптар төмөнүрөөк: сатып алуучулар техникалык тапшырманы, моделди жана сапатты карап, баасын талкуулашат. Ал эми Европа Союзунда сертификациялоо жана эл аралык стандарттарга шайкеш келүү талап кылынат.








