«Кылым Банктын» 100 пайыз акциясы президенттин иш башкармалыгынын менчигине өттү. Бул тууралуу каржы мекемеси Кыргыз фондулук биржасынын маалымат ачуу борборуна кабарлады.
Буга чейин акциялардын толук пакети Каржы министрлигине караштуу болгон. Акционердин алмашуусу кечээ, 9-октябрда болуп, пакет 1 миллион жөнөкөй аталыштагы акцияны камтыйт. Банктын уставдык капиталы 1 миллиард сомду түзөт.
Банкты президенттин иш башкармалыгына өткөрүп берүү жөнүндөгү жарлыкка Садыр Жапаров август айында кол койгон. Документке ылайык, чечим каржы мекемесинин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн кабыл алынган.
Банк жөнүндө негизги маалымат


















