«Керемет Банктын» директорлор кеңешинде маанилүү кадрдык өзгөрүүлөр болуп өттү. Кыргыз фондулук биржасынын маалыматы боюнча, 2026-жылдын 9-июлунда өткөн өзгөчө жыйында Бакытбек Исраиловдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.

Анын ордуна Руслан Сагынаев шайланып, анын ыйгарым укуктары төрт жылдык мөөнөттө бекитилди.

Кошумчалай кетсек, «Керемет Банк» Европарламенттин санкциялар списогуна кирген банктардан болуп, 2026-жылдын 14-майынан тарта Европа Биримдиги менен жүргүзүлүүчү финансылык операцияларга чектөөлөр салынды. Бул банк буга чейин АКШ жана Улуу Британиянын санкциялык тизмесине дагы кирген.