«Кылым Банк» ачык акционердик коомунда башкармалык курамында өзгөрүүлөр болду. 2026-жылдын 11-августунда директорлор кеңешинин чечими менен Улан Тилектешович Жамалидинов башкармалыктын мүчөсү катары бекитилди.
Улан Жамалидинов мурда Улуттук банктын башкармалыгынын мүчөсү болуп иштеген. Ал 2025-жылдын октябрь айында өзүнүн арызы менен бул кызматтан бошотулган.
Бул окуялар тууралуу көбүрөөк маалыматты жана акыркы жаңылыктарды Tazabek сайтынын Инстаграм баракчасынан (@tazabek_kg) окууга болот.










