Мамлекеттик каржылык холдингдин уставдык капиталы 3 млрд сомго көбөйтүлдү. Бул тууралуу Кыргызская фондовая биржа маалымдады.

Уставдык капитал 9 млрд 556 млн 161 миң сомдон 12 млрд 556 млн 161 миң сомго жеткирилди.

Бул капиталды көбөйтүү үчүн жетинчи чыгарылыштагы 3 млн номиналдуу акциялар чыгарылды. Бир акциянын номиналдык баасы 1000 сомду түзөт.

Акциялар жабык түрдө жайгаштырылат жана толугу менен Мамлекеттик каржылык холдингдин бирден-бир акционери – Финансы министрлигине берилет.

Чыгарылыш мамлекеттик каттоодон өтүп, бир жылдын ичинде жайгаштырылышы керек болушу айтылат.

Ошондой эле, уставдын жаңы редакциясы бекитилип, Компаниянын мамлекеттик кайра каттоосу чечилди.