Ош облусунун Узген районунда жайгашкан Куршаб айыл өкмөтүндө ОРТдан 200дөн ашык балл топтогон бүтүрүүчүлөрдү сыйлоо аземи болуп өттү.

Ленин атындагы орто мектептен 3 окуучу 203, 205 жана 208 баллга ээ болгон. К. Эрматов атындагы мектептен болсо бир окуучу 210 балл топтогон.

Таңатаров атындагы мектеп-интернаттан 13 окуучу 200дөн ашык балл алган. Алардын эң жогорку көрсөткүчү 227 балл, экинчиси 225 балл болду. Калгандары 200дөн 225 баллга чейинки деңгээлде экен.

Ранее по темеУзген райондогу Мырза-Аке айыл аймагында сел сууларын тоскоол кылуу үчүн дамбалар курулууда

Ошондой эле аталган мектеп-интернаттан 5 окуучу "Акылман" президенттик лицейине кабыл алынган, анын ичинен 3ү 6-класска, 2си 7-класска өткөн.

ОРТ статистикасы (Таңатаров мектеп-интернаты)