Аламедин районунун Билим берүү бөлүмүнүн маалыматына караганда, 2025–2026 окуу жылында райондук жалпы орто билим берүү мекемелерин 2154 11-класс окуучу жана 1950 9-класс окуучу аяктады.

Бул жылы Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча 21 бүтүрүүчү 200дөн ашык упай топтоду. Алардын экиси "алтын күбөлүк" ээси болду.

200дөн ашык упай топтогон мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн тизмеси

Бердибеков Акмат – 236 упай, Байтик Канай уулу атындагы мектеп (англис тили: 125, математика: 148, кесип тандоо: мугалим).

Айбала Мизамов – 232 упай, «Кут-Билим» билим берүү комплекси («алтын күбөлүк» ээси; математика: 131, англис тили: 115, кесип тандоо: IT).