Талас облусунун Айтматов районуна караштуу Кок-Сай айылында жергиликтүү милициянын кызматкерлери жолдо коомдук тартипти бузган айдоочуларды аныкташты.
Оперативдик иштердин жыйынтыгында беш унаа жана алардын айдоочулары, жол кыймылынын эрежелерин бузуп, кыймылга тоскоолдук жараткандыгы үчүн кармалды.
Кыргыз Республикасынын ЖКнын 189-статьясынын 1-бөлүгүнө ылайык, айдоочулардын бардыгына 15 000 сомдон айып пул салынды жана унаалары айып короочу жайга жайгаштырылды.
Кызматтар боюнча маалымат
Жол коопсуздугун камсыз кылуу максатында милиция айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого чакырат.











