Ак-Суу районунун мамлекеттик администрациясы жети бүтүрүүчү ОРТ экзаменинен 200дөн ашык балл алгандыгы үчүн сыйлыкка арзыганын жарыялады.

Район акими Канатбек Калдаралиев мектеп бүтүрүүчүлөрүн кабыл алып, аларга Ардак грамота, баалуу белектер жана акчалай сыйлыктарды тапшырды.

Сыйланган бүтүрүүчүлөр

  1. Уметова Рабия УланбековнаА.Деркембаев атындагы Орто мектеп, 202 балл
  2. Эсентурова Венера ЭрмекбаевнаЖ.Алышбаев атындагы Орто мектеп, 202 балл
  3. Нуржадыева Эланора ЭгизбековнаКызыл-Кыя шаарындагы Орто мектеп, 208 балл
  4. Канатбекова Айыма КумаровнаЖ.Ашубаев атындагы Орто мектеп, 209 балл
  5. Рыскулбекова Малика БакытовнаЖ.Ашубаев атындагы Орто мектеп, 215 балл
  6. Усупова Аделина КубанычбековнаЖ.Субанбеков атындагы Орто мектеп, 219 балл
  7. Элдияров Жоомарт АсылбековичА.Деркембаев атындагы Орто мектеп, 222 балл

Канатбек Калдаралиев бул ийгиликтер башка окуучулар үчүн стимул болоорун айтып, бардык бүтүрүүчүлөргө ийгилик каалады.