Гульчо шаарындагы Жолдош Буваев атындагы орто мектептин бүтүрүүчүлөрү ОРТке 100% катышып, бул үчүн мектеп мугалимдери мэрия тарабынан ыраазычылык кат жана акчалай сыйлык менен сыйланышты.

Т. Отунчиев атындагы орто мектептин эң жогорку балл алган бүтүрүүчүлөрү — Абдылдаева Элиза (211 балл), Сулайманова Уулжан (203 балл), Нышанбаева Айзада (202 балл), Уметалиева Айсанем (201 балл) жана Усонов Шергазы (200 балл). Алар ар бири 10 миң сомдук акчалай сыйлыкка ээ болушту.

Ошондой эле, Т. Отунчиев атындагы орто мектептин мугалимдер жамааты өздөрүнүн окуучуларынын ийгилиги үчүн мэриянын ыраазычылык катын жана акчалай сыйлыктарын алышты.

100% явка на ОРТ и баллы выше 200: в городе Гульчо наградили лучших выпускников и педагогов школ Буваева и Отунчиева
Turmush