Өрт бүгүн, 29-октябрда, математика сабагы учурунда чыккан. Мектеп директорунун орун басары Айгүл Жусупбекова Turmush басылмасына берген маегинде бир кабинет толук күйүп кеткенин, жалын чыгары менен мугалим балдарды дароо коопсуз жайга алып чыкканын айтты.
Мектеп өкүлдөрүнүн айтымында, жыл сайын жарандык коргонуу боюнча окуу-машыгуулар өткөрүлүп тургандыктан, окуучулар менен мугалимдер мындай өзгөчө кырдаалдарда өзүн кандай алып жүрүүнү жакшы билишет.
Turmush басылмасы Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнө шилтеме берип, өрт чыккандан кийин 1 миң 200 окуучу эвакуацияланганын, ал эми окуу процесси бир күнгө онлайн форматка которулганын жазган.
Билим берүү бөлүмүнүн маалыматы боюнча, өрт мектептин мугалимдер бөлмөсүнөн башталган. Тактап айтканда, электр зымдарынын кыска туташуусунан улам келип чыккан.
Мектеп тууралуу
Аталган мектеп 1965-жылы курулган. Долбоордук кубаттуулугу 750–800 орунга эсептелгенине карабастан, азыркы учурда анда 2 миң 600 окуучу билим алат. Мектепте сабактар башталгыч класстар үчүн үч сменала, ал эми жогорку класстар үчүн эки сменала өткөрүлөт.
Мектеп жөнүндө негизги маалымат




























