Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Бишкек шаарында белгилүү окумуштуу, медицина илимдеринин доктору, профессор Саатова Гүли Мирахматовнанын дүйнөдөн кайткандыгын билдирди. Анын казаны ата мекендик медицина илими жана саламаттык сактоо тармагы үчүн чоң жоготуу болуп саналат.
Гүли Мирахматовна жогорку квалификациялуу педиатр, кардиолог жана ревматолог катары таанылган. Ал өзүнүн узак жылдык эмгегинде балдардын ден соолугун сактоого өзгөчө көңүл буруп, илимий изилдөөлөрдү жүргүзгөн.
Министрлик белгилегендей, анын илимий мурасы, кесиптик жетишкендиктери жана тарбиялап өстүргөн шакирттери Кыргызстандын медицина тарыхында түбөлүккө сакталып калат.
Саатова Гүли Мирахматовнанын жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.







