Тюп районунун жашоочусу, белгилүү акушер-гинеколог Мундук Сагымбаевна Деркембаева көзү өткөн. Ал 1951-жылы Шаты айылында туулган.
1958-жылы Шаты айылындагы мектепке барган, ал эми 1968-жылы Талды-Суудагы интернат мектепти аяктаган.
Ошол эле жылы Фрунзе шаарындагы медициналык институтка кабыл алынып, 1975-жылы аны ийгиликтүү аяктаган.
Кесиби боюнча биринчи жумушун 1975-жылы Пржевальск шаарындагы облустук клиникада акушер-гинеколог болуп баштаган.
1976-1997-жылдары Нововознесеновка айылындагы райондук ооруканасында, андан кийин 1997-жылдан тартып Тюп райондук ооруканасында эмгектенген.
2023-жылы пенсияга чыкканга чейин медицина чөйрөсүндө иштеп, жүздөгөн жаш адистерди даярдоого салым кошкон.
Узак убакытка созулган эмгеги үчүн бир катар райондук, облустук жана республикалык сыйлыктарга, ошондой эле сыйлык каттарга ээ болгон.
2020-жылы Кыргыз Республикасынын президентинин колунан медиктерге берилүүчү "Заслуженный врач Кыргызской Республики" наамын алган.












