7-ноябрдыкында борбор шаардын борборунда Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Өзгөчө жана Толук ыйгарым укуктуу Элчилиги тарабынан уюштурулган кимчи фестивалы болуп өттү. Иш-чарага Бишкек мэриясы тарабынан көмөктөшүү көрсөтүлгөн.

Ачылыш аземине Бишкек мэриясынын социалдык маселелер боюнча орун басары Рахат Мусаева, Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Өзгөчө жана Толук ыйгарым укуктуу Элчиси Ким Квангдже, дипломаттар корпусунун өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери, корей диаспорасынын өкүлдөрү, ошондой эле шаар тургундары жана коноктор катышты.

Кимчи фестивалы борбор шаардын тургундарын бириктирген жана корей элинин өзгөчө маданияты, улуттук каада-салты жана ашканасы менен жакындан таанышууга мүмкүндүк берген жакшы салт болуп калды.
Рахат Мусаева, Бишкек мэриясынын социалдык маселелер боюнча орун басары

Фестивалдын алкагында коноктор корей улуттук ашканасынын эң белгилүү тамактарынын бири болгон кимчи даярдоонун каада-салттары жана Корея Республикасынын маданий мурасы менен таанышты. Мындай иш-чаралар Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы достук мамилелерди чыңдоого жана маданий алмашууну өнүктүрүүгө багытталган.

Бишкек мэриясы эл аралык маданий кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана өлкөлөр ортосундагы достук байланыштарды бекемдөөгө багытталган демилгелерди колдоону улантат.