Бишкекте кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрүнүн бири болгон Жусуп Абдрахмановдун өмүрүн чагылдырган документалдык циклдин экинчи бөлүмү презентацияланды.

Номад ТВ каналынын маалыматы боюнча, тасманын автору мамлекеттик ишмердин жеке күндөлүктөрүн жана тарыхый документтерин изилдеп чыгышкан. Бул үчүн Кыргызстан, Россия, Казакстан жана Өзбекстан өлкөлөрүндөгү архивдик материалдар колдонулган.