Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2027-жылдагы президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирди. Аны менен катар ал экинчи мөөнөткө талапкерлигин коюуну пландап жатканын журналист Али Токтакунов менен маегинде ачыктады.
Жапаров өз сөзүндө «Мен дагы бир мөөнөткө талапкерлигимди коюп, жумушту улантууну көздөйм. Шайлоого дагы ким катышууну кааласа — талапкерлигин коё беришсин. Эч кимди чектебейбиз» деп белгиледи.
Кыргызстанда кийинки президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт деп пландалган. Садыр Жапаров былтыр 2021-жылдын 10-январында мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоодо жеңишке жетип, президент болуп шайланган.
Расмий Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, ал учурда добуш берүүгө катышкандардын 79,2 пайызы Садыр Жапаровду колдогон. Президенттин инаугурациясы 2021-жылдын 28-январында өттү.











