Ош облустук жол кыймылы коопсуздугун көзөмөлдөө борборунун маалыматына ылайык, окуя Алай районунун Мурдаш айылынын аймагында болгон.

Кытай жараны унаасын башкара албай, жолдон чыгып, көпүрөдөн төмөн чөгүп кеткен.

Жаракат алган адам Ош облустук ооруканасына жеткирилип, медициналык жардам көрсөтүлдү.

Учурда жарандын абалы жакшы жана олуттуу жаракаттары жок экени белгиленди.