Ат-Башы районундагы Бүбүсарай Кыдыкова атындагы борбордук китепкананын окурмандарынын китеп тандоосу акыркы убакта өзгөрдү. Китепкананын директору Курманжан Мускаева маалымдагандай, бүгүнкү күндө өзгөчө тарыхый китептер жана кыргыз тилиндеги адабий чыгармалар үстөмдүк кылууда.

Окурмандар көбүнчө улуттук тарых жана маданият тууралуу китептер менен чыгармаларды издеп келип жатышат. Эң көп суроо-талапка ээ болгон эмгектер катары Качкынбай Осмоналиевдин «Көчмөндөр кагылышы» жана «Ыйык жер» романдары, Түгөлбай Сыдыкбековдун «Көк асаба» тарыхый романы, ошондой эле жергиликтүү жазуучу Шайлообек Дүйшеевдин «Агындылар» роман-эссеси саналат.

Директордун айтымында, окурмандар тарыхка муктаждык жана кызыгуу жогорулап, акыркы мезгилдерде тарыхый чыгармачылык эң көп суроо-талапка ээ болгон. Балдар бөлүмүндө болсо, көбүнчө жомоктордун топтомдору, атап айтканда «Алтын жомоктор», «Күмүш жомоктор», ошондой эле «365 күн жомок окуйбуз» деген китептер эң популярдуу.

Кыргыз тилиндеги китептердин кеңири популярдуулугу райондо кыргыз тилинде сүйлөгөн калктын көптүгү менен байланыштуу. Ошол эле учурда, райондо орус тилинде билим алган мектеп бар болсо да, анын окуучулары да көбүнчө китептерди кыргыз тилинде окууну туура көрүшөт.