Кемин шаарында коомдук объекттер үчүн дизайн-код кабыл алуу багытында эскиздик долбоорлор иштелип чыкты. Бул тууралуу Кыргызстандын Турукташтыруу, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба министрлиги кабарлады.
Долбоордо имараттын фасаддарынын түсүн, архитектуралык фасондорун, жарнактарын жана башка тышкы элементтерин бирдиктүү талаптарга ылайык келтирүү каралган.
Бул дизайн-код аркылуу шаардык чөйрөнүн архитектуралык биримдиги камсыздалып, көчөлөрдүн эстетикалык көрүнүшү, заманбап жана тартиптүү облики күчөтүлөт.

















