Кыргызстан менен Россиянын аскер кызматчылары 11-17-август күндөрү «Эдельвейс» полигонунда өтүүчү «Борбор-2026» биргелешкен тактикалык машыгуусун ийгиликтүү аякташты.

Машыгууга эки өлкөдөн жалпысынан 500гө жакын аскерлер, 100дөн ашуун курал-жарак жана аскердик техника, күчөтүлгөн FPV-дрондор, ошондой эле эки өлкөнүн армиялык авиациясы тартылды.

Активдүү машыгуу этаптарында бөлүктөр практикалык аскердик тапшырмаларды аткарып, өз ара аракеттенүүнү жана башкарууну, ар кандай шарттарда курал-жарак менен техниканы колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн өркүндөтүштү.

Машыгуунун жыйынтыгында командование аскерлердин даярдыгы менен эки өлкөнүн түзүмдөрүнүн баарлашуусу жакшы деңгээлде экенин белгиледи. «Борбор-2026» учурунда коюлган максаттар толук ишке ашырылды.

Жабылыш аземи 20636-аскер бөлүгүнүн окуу-машыгуу борборунда өтүп, өзгөчө мыкты көрсөткүчтөрдү берген аскер кызматчылары медалдар жана баалуу белектер менен сыйланышты.