«Манас» аэропортунун реконструкциялоо иштеринин жалпы наркы болжол менен 130 миллион доллар болду. Бул тууралуу 11-ноябрда «Ачык кабинет» долбоорунун алкагында журналисттерге «Кыргызстан аэропорттору» ААКнын башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов айтып берди.

Видео: Sputnik Кыргызстан

Акыркы жылдарда аэропорттун инфраструктурасы түп тамырынан жаңыланган. Учурда взлет-посадка тилкеси жаңыланып, жаңы аэровокзал комплексинин курулушу аяктап жатат. Ошондой эле расмий делегацияларды тосуп алуу залынын оңдоолоштурулушу, башка жайлардын капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат жана жаңы паркинг ишке киргизилди.

Аэропорт акыркы жылдарда толугу менен өзгөрдү. Азыр биз жүргүнчүлөрдүн учакка отуруу процессинин технологиясын жана коопсуздук системасынын ишин да өзгөртүп жатабыз.
Манасбек Самидинов
Ранее по теме«Манас» аэропортунда такси кызматтарын тартипке келтирүү үчүн эки расмий оператор тандалат

130 млн доллар реконструкциянын наркы

Аэропортту жаңылоого кеткен жалпы чыгым