Кыргызстандын Мамлекеттик жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография агенттиги мүлктү каттоонун учурдагы тартибин өзгөртүүнү жана жаңы сунуштарды коомдук талкууга койду.
Эң маанилүү жаңылыктардын бири – мүлктү онлайн режиминде каттоого мүмкүнчүлүк берүү. Эми ээсинин квалификациялуу электрондук кол тамгасы болгон учурда, документтерди электрондук түрдө даярдап, мамлекеттик кызматты онлайн төлөп, видео-конференция аркылуу келишимди ырастаса болот.
Бул жаңы мүмкүнчүлүк адамдарга каттоо органдарына жеке барбай туруп укуктарын каттоого шарт түзөт.
Мындан сырткары, мүлк салыгы боюнча 500 сомдон көп карызы барларга каттоо кызматтарын көргөзүүдөн баш тартуу сунушталууда.
Ошондой эле, мыйзамда нотариус катышуусу талап кылынбаган шарттар боюнча келишимдерди жөнөкөйлөтүлгөн жол менен каттоо каралууда. Месттик регистраторлор жеке адамдардын документтерин жана укуктарын текшерип, мамлекеттик каттоону өз алдынча жүргүзө алат.
Бул өзгөртүүлөр менен бирге мамлекеттик-жеке өнөктөштүк келишимдеринин алкагында пайда болгон укуктарды каттоо, бүтпөгөн курулуш объектилерине укук берүү эрежелери жана мүлктү бөлүү же бириктирүү процесстеринин тактоо чаралары да кошулат.













