2026-жылдын январь-сентябрь айларында республикалык бюджетке 54,2 млрд сом дивиденд түштү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалыматында айтылат. 2025-жылдын тогуз айына салыштырмалуу түшкөн каражат 25,1 млрд сомго же 86,2%га көбөйгөн.
Дивиденддердин бул көлөмү бюджеттин салыктык эмес кирешелеринин төрттөн биринен ашыгын түздү. Ошондой эле, аталган каражат республикалык бюджеттин жалпы кирешелеринин дээрлик 9%ын камсыздаган.
Белгилей кетсек, Финансы министрлиги 2026-жылдын толук жылына 22,8 млрд сом дивиденд күткөн. Бирок, тогуз айдын ичинде эле бул божомолдон эки эседен ашык каражат түшкөн.













