Каракол шаарындагы окуу жайлардын биринде «Заманбап коомдо экстремизмдин жана радикализмдин алдын алуу» деген темада илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Иш-чаранын алкагында студенттердин укуктук сабаттуулугун арттыруу, сын көз караш менен ой жүгүртүүнү калыптандыруу жана деструктивдүү идеологиялардын коркунучу боюнча маалымат берүү негизги максат катары белгиленди.
Конференция учурунда студенттер даярдаган докладдар аркылуу экстремизмдин коомго тийгизген таасири, деструктивдүү идеялардын жайылуу себептери жана алардын алдын алуу жолдору талкууланды.
Санариптик мейкиндиктеги алдын алуу иштерине өзгөчө көңүл бурулду. Ысык-Көл облустук ИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери облустук казыят өкүлдөрү менен биргеликте атайын видеоматериалдарды көрсөтүштү. Адистер экстремисттик идеологиялардын коркунучтары, жаштарды деструктивдүү иштерге тартуу ыкмалары жана мындай көрүнүштөргө каршы чаралар тууралуу түшүндүрүшүп беришти.
Ошондой эле социалдык тармактарды колдонуучулардын жоопкерчилиги маселеси көтөрүлдү. Катышуучуларга экстремисттик деп таанылган уюмдардын материалдарын жайылтуу, аларды башкаларга жөнөтүү жана ал контентти «Жайга келди» (Нравится) баскычы аркылуу колдоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келиши тууралуу айтылды.





















