Бишкек ШИИББдин Патрулдук милиция башкармалыгы жол кырсыгына катышкан адамдардын өздүгүн аныктаганын билдирди. Кырсыктын натыйжасында велосипедчен каза болгон.
Бул жол кырсыгы кечээ, 4-августта, саат 19:20 чамасында Абдрахманов жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. 1996-жылы туулган айдоочу Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаасы менен Абдрахманов көчөсү аркылуу түштүктү көздөй бара жаткан. Ошол учурда велосипедчен жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерге жетпей жолду кесип өтүп, унаага сүзүлгөн.
Тараган видеодо унаа сүзгөндө велосипедчендин жогору көтөрүлүп кеткенин көрүүгө болот. Ал алган жарааттарынан улам окуя болгон жерде каза болгон. Каза болгон адам 22 жаштагы жергиликтүү тургун экени аныкталды.
Учурда бул факты боюнча иликтөө иштери жүрүп, кырсыктын бардык жагдайлары такталууда.


















