Саудия Арабиясында калып калган 250ден ашык кыргызстандык зыяратчы убактылуу жайларга жайгаштырылды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгынын умра бөлүмүнүн башчысы Абдулазиз Туташпаев «Кабар» агенттигинде өткөн пресс-конференцияда маалымдады.

«Нур Умра Трэвел» туристтик компаниясы аркылуу умрага жөнөгөн жарандар мекенге кайта албай калышкан. Муфти Абдулазиз Закировдун тапшырмасы менен атайын комиссия түзүлгөнүн билдирди.

Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгынын Саудия Арабиясындагы өкүлдөрүнүн жана умрага кеткен мекендештерибиздин көмөгү менен зыяратчылар турак жайларга жайгаштырылды. Учурда алардын коопсуздугу толугу менен көзөмөлдө.
Абдулазиз Туташпаев

Азыркы учурда зыяратчылардын мекенге кайтуусу үчүн авиабилеттерди сатып алуу маселеси чечилуп жатат. Диний башкармалык бардык жарандарды жакын арада, эки күндүн ичинде Кыргызстанга кайтарууну пландап жатат.

Умра компанияларынын саны

36умрага алып баруучу компаниялардын саны (мурда)
35аккредитациясы бар компаниялардын саны (азыр)