Ош облусунун Кара-Суу районунда 22 жаштагы жаран милиция кызматкерине пара берүү аракетинде кармалды.

14-августта ал милициянын тергөөчүсүнө 40 миң сом акча берүүгө аракет кылды. Бул акча доследстволук териштирүүлөр боюнча жагымдуу чечим кабыл алуу үчүн берилгени айтылууда.

Шектүү акчаны тапшырып жаткан учурда кармалып, ал убактылуу мөөнөткө ИВСке киргизилди.

УВДнын басма сөз кызматы билдиргендей, бул факты боюнча «Пара берүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда.