Ош облусунун Араван районундагы Төө-Моюн айыл аймагынын эки мамлекеттик кызматкери Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси («Пара талап кылуу») боюнча шектүү катары кармалды.
12-августта алар өзгөчө ири суммадагы акча каражатын алып жаткан учурда УКМК тарабынан колго түшүрүлгөн.
Тергөө версиясына караганда, кызматкерлер акчаны жер тилкесин бир аймактан экинчисине мыйзамсыз которуу маселесин оң чечип берүү үчүн талап кылышкан.
Учурда тергөөнүн ыкчам-иликтөө иштери улантылып, кылмышка тиешеси бар болушу мүмкүн болгон башка адамдар аныкталууда.








